Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 35
Акман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы 6(алты) ай ичинде аткарган иштеринин отчетун бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконов 6(алты) ай ичинде аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап, Акман айылдык Кеңешинин бюджет,каржы,муниципалдыкменчик,инвестиция,ишкердик,кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Акман айылдык Кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги VIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 6(алты) ай ичинде бюджетинин аткарылышы кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Акман айыл өкмөтүнүн түрдүү чяыгымдар статьясынын чыгашасы боюнча иштетилген акча каражатынын маалымдамасын бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына берүү жагы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Сопуев |