Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу № 36
Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин төрагасы К.Сопуевдин сунушуна негиз туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын социалдык – экономикасын көтөрүүдө айыл аймагынын инвестициялык, спорттук иштерине уюштуруучулук менен катышып демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн 2017-жылдын 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Акман айыл аймагынын тургуну Шерматов Курбанбек Садыковичке “Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |