Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 38
Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлкеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” жобонун, Кыргыз Республикасынын констутициясынын, КР салык кодексинин, КР административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин, КР Жергиликтүү башкаруу жөнүндө,”ЖОБ органдарына айрым мамлекетик укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө, ЖОБ органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №15-токтому менен бекитилген Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекетик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун10- бөлүмүнүн 10,1-пунктуна ылайык Акман айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнө Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча МСКБнан төмөнкү мамлекетик “ыйгарым укуктары” мыйзамдуу келишимдин негизинде өткөрүлүп алынсын.
Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо.
1,1,3 жана 4 топтогу мүлк салыгын жыйноо.
Жер салыгын жыйноо.
Рейддик контрольдоону өткөрүү
салык органынан салык төлөнүүчүнүн салыкты төлөгөнүнүн жана каттоодо тургандыгынын фактысын аныктоо:
Патентин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөнүнүн физикалык көрсөткүчүн жана фактысын текшерүү.
Салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотууу.
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М. Коконовго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык АКман айыл өкмөтүнүн расмий www.ao.akman.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомдорду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлкеттик реестрине киргизүү жагы жоопту катчы З. Кочконбаевага милдетендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акман айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу-комиссиясынын төрагасы А. Мергенбаевге милдетендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |