Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 41
Акман айыл аймагында жайгашкан кирпич заводдун жерлерин аныктоо боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаты Джолдосбаев Орозбай Абдыкеримовичтин сунушуна негиз туруктуу комиссия түзүү максатында Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагында жайгашкан кирпич заводдун жерлерин аныктоо боюнча төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
1.) Тилекеев А –комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты
2.) Матисаков К –комиссиянын мүчөсү, айыл округунун башчысынын орун басары
3.) Текебаева Н –комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
4.) Джолдосбаев О –комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
5.) Исаков М – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
6.) Каимов Р –комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
7.) Маматкулов С –комиссиянын мүчөсү, айыл округунун жер адиси
8.) Усенов Э –комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
9.) Атакулов Т – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К. Сопуев |