Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 44
Акман айыл аймагынын З. Мураталиев атындагы мектебине 20 орундуу ашкана куруу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун жана З. Мураталиев мектебинин директору З. Турдуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кецешинин VII чакырылышынын кезексизX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын З.Мураталиев атындагы мектебине 20 орундуу ашкана курууга жазылган долбоору жактырылсын жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Акман айыл аймагынын З.Мураталиев атындагы мектебине 20 орундуу ашкана куруу долбоору КРнын каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчу гранттар комиссиясынын кароосуна сунуштоо райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Акман айыл аймагынын З.Мураталиев атындагы мектебине 20 орундуу ашкана куруу үчүн даярдалган долбоордогу 214218 (эки жүз он төрт мин эки жүз он сегиз) сомдук салымды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн долбоорду каржылоо 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин каржылансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |