Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 46
Акман айыл аймагынын мектептеринде иштеген жаш мугалимдерге түрткү берүү максатында акы каражатын берүү жөнүндө
Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы Жаркынбаев Сүйүнбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын мектептеринде иштеген жаш мугалимдерге түрткү берүү максатында төмөндөгүдөй тартипте акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинин бөлүнсүн.
2. Акман айыл аймагындагы мектептеринде иштеген жаш мугалимдерге 5000сомдон 6(алты) мугалимге 30000миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |