Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-январы № 3
“Акман жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин жана жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерди бекитүү жөнүндө
Акман жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетин жана жайытка байланыштуу ички тартип эрежелерди бекитүү жайыт комитетинин төрагасы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга жайыт комитетинин бюджети 618000 мин сом болуп бекитилсин. Келишимде көрсөтүлгөн тартипте үчтөн бир пайызын айыл өкмөттүн бюджетине которулуп берилсин.
2. Жакынкы жана алыскы жайыт акысы ар бир шарттуу мал үчүн 100сомдон төлөнсүн.
3. Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аяттарынын жерине ар 1 сотых үчүн 5(беш) сомдон төлөнсүн.
4. Жаздоого 1-апрелден калбай, жайлоолорго 1-июндан кеч эмес көчүрүлсүн. Өз убагында көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 5000 (беш мин) сомдон айып төлөнсүн. Ар бир көчпөгөн күн үчүн 2% туум эсептелсин.
5. Күздөөгө 1- октябрдан эрте көчүп келбесин. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзгөн келишимде көрсөтүлсүн. Эрте көчүп келген малчыларга 5000 (беш мин) сом айып салынсын.
6. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн, мал санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
7. Малын кем санаткан жайыт пайдалануучуларга ар бир кой, эчкиге 100 (жүз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айып салынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы М.Исаковго жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |