Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы № 6
Акман айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин отчётун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |