Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 10
Жаны-Акман айылындагы негизги Ош-Бишкек трассасына светофор же жол белги орнотуу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаты Атакулов Талантбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу үчүн жол белги жана светофор орнотуу боюнча уруксат суроо ДЭП-22 ишканасынын суралсын.
2. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун алдын алуу үчүн Ош-Бишкек трассасына жол белги жана светофор орнотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышы Акман айыл өкмөтү М.Коконовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |