Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 11
Мал союучу жайдан жана Базар-Коргон айыл өкмөтүнөн ташылып жаткан таштандылардын такташтыруу боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаты Каимов Рамистин сунушуна негиз туруктуу комиссия түзүү максатында Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мал союучу жайдан жана Базар-Коргон айыл өкмөтүнөн ташылып жаткан таштандыларды такташтыруу жана иреттештирүү, ошондой эле Акман айыл аймагына зыян жагын келтирбөө максатында төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
Каимов Рамис –комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты.
Матисаков К –комиссиянын мүчөсү, айыл округунун башчысынын орун басары
Тилекеев Айбек – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты.
Карабеков Алтынбек – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты.
Абдували уулу Нуртилек – комиссиянын мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | К. Сопуев |