Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 14
Жараке айылындагы дени сак бала дене-тарбиядан башталат аттуу долбоордун негизинде Маданият үйүнө ишке ашкан бөлмөнү Усөнбай уулу Кайнарбекке өткөзүп берүү жөнүндө
Акман айылдык кенешинин депутаты Тилекеев Айбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараке айылындагы дени сак бала дене-тарбиядан башталат аттуу долбоордун негизинде Маданият үйүнө ишке ашкан бөлмөнү. Бир топ жылдардан бери балдарды спортко тарбиялап өстүрүп келе жаткан, Жараке айылынын эркин күрөш боюнча тренери Усөнбай уулу Кайнарбекке керектүү шаймандары менен бөлмө өткөзүлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |