Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-апрели № 18
Айыл чарба багытындагы жана жол боюндагы жерлерге мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыюу жөнүндө
“Кашка-Суу” суу пайдалануучулар ассосациясынын төрагасы Э.Козуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республиксынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренсинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге сууну убагында жеткирүү үчүн арыктарды кеңейтүү максатында арык боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыйылып жок кылынсын.
2. Акман айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорду шаар куруу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында жол боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарктар кыйылып жок кылынсын.
3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |