Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-апрели № 20
Жаны-Акман айылынын стадионуна Кичи-футбол аянтчасын куруу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Жаны-Акман айылынын стадионунан Кичи-футбол аянтчасын куруу үчүн 0,10га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
2. Жаны-Акман айылына Кичи-футбол аянтчасын куруу үчүн даярдалган долбоорго 100 000 (жүз миң ) сомду жергиликтүү бюджети эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |