Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июну № 28
Колот айылындагы ФАПтын имаратын бузуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Колот айылындагы ФАПтын имаратынын эскилиги жетип дубалдары жарылып жараксыз абалга келгендигине байланыштуу бузулсун.
2. Эски ФАПтын имаратынан чыккан жарактуу материалдар сатылып, Ассалам коомдук фонду тарабынан курулуп жаткан ФАПтын жаңы имаратынын курулушуна өздүк салым катары каржы мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жумшалсын. Ага кошумча 2018-жылдын бюджетинде каралган 3111- статьясынан 50000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп иштетүү жагы Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3. Эски ФАПтын имаратын бузуу жана анын жарактуу материалдарын сатуу боюнча төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
Матисаков Күлчоро – Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
комиссиянын төрагасы.
Самидинов Сыдык - Колот айылынын айыл башчысы, комиссиянын катчысы.
Маарамов Сабырали – айылдык кенештин депутаты.
Текебаева Нурила – айылдык кенештин депутаты.
Шайдиллаев Садир – айылдык кенештин депутаты.
Абдували уулу Н – айылдык кенештин депутаты.
Маматкулов Советбек-айыл өкмөтүнүн жер адиси.
Гаипова Гүлнара - Колот айылдык ФАПтын башчысы.
Алдозов Муса- айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик боюнча жетектөөчү адис.
4. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |