Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры 33
Максаттуу трансферттен түшкөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин маалыматын угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагына Республикалык бюджеттин максаттуу трансферт аркылуу келип түшкөн 2 0000 000 (эки миллион ) сом акча каражатын, айыл аймактын электр мамычаларын орнотуу жана электр линияларын тартуу максатында төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн.
Р-70111 ст: 3111-2 0000 000 сом
2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл аймагынын башчысы М.Коконовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтомду www.аkman.kg. сайтына жайгаштыруу Акман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |