Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 35
Айыл чарба багытындагы жана жол боюндагы жерлерге мыйзамсыз эгилген бак дарактарды кыюу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 15-пунктун жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге сууну убагында жеткирүү үчүн арыктарды кеңейтүү максатында арык боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыйылып жок кылынсын.
2. Акман айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорду шаар куруу жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоо ошондой эле жол коопсуздугун алдын алуу максатында жол боюндагы мыйзамсыз эгилген бак-дарактар кыйылып жок кылынсын.
3. Кыйылган бак дарактардын отундары мектеп жана бала-бакчаларга өткөрүлүп берилсин.
4. Токтомду аткаруу Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |