Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 39
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин төрагасы К.Сопуевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018- жылдын 17-октябрь №01-18/126- буйругу менен бекитилген буйругунун негизинде комиссия түзүү максатында Акман айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу комиссиясы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
1.) Матисаков Күлчоро комиссиянын төрагасы, Акман айыл өкмөтүнүн орун басары
2.) Каблов Канбек- катчы, комиссиянын мүчөсү, Жараке айылынын айыл башчысы
3.) Самидинов Сыдыкбек, комиссиянын мүчөсү, Колот айылынын айыл башчысы
Өсөркүлов Актилек комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты
Абдували уулу Нуртилек, комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты
Жумабеков Анарбек, комиссиянын мүчөсү, Колот айылынын тургуну
Алыкулов Сабырали, комиссиянын мүчөсү, Жараке айылынын тургуну
Маматкулов Советбек, комиссиянын мүчөсү, айыл округунун жер адиси
Алдозов Муса, комиссиянын мүчөсү, айыл округунун муниципалдык жерлер боюнча адиси
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет Башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |