Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 41
Акман айыл аймагынын Б.Абдырахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоо жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун жана Б.Абдырахманова атындагы башталгыч мектебинин директору В.Жапарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Б.Абдырахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоого жазылган долбоору жактырылсын жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Акман айыл аймагынын Б.Абдырахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоого долбоору КРнын каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттар комиссиясынын кароосуна сунуштоо райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Акман айыл аймагынын Б.Абдырахманова атындагы башталгыч мектебинин айланасын тосмолоо үчүн даярдалган долбоордогу 140 000 (Бир жүз кырк мин ) сомдук салымды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөп берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчиге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы көрсөтүлгөн долбоорду каржылоо 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин каржылансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |