Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 42
Ош-Бишкек автотрасса жолун жарыктандыруу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн аймагына туура келген автотрасса жолунун 1200метр аралыгына жарыктандыруу үчүн электр мамычаларын орнотууга уруксат берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кононовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго жүктөлсүн
Төрага | К. Сопуев |