Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 43
Кайырма айылындагы Элдик ишканасынын жер участогун Акман айыл өкмөтүнүн муниципалдык Менчигине өткөзүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы Коконов Марселдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнө караштуу Кайырма участкасындагы 3-02-01-1005-0203 сыр белгидеги Нарматов Жакшыбайга таандык болгон турак жайын жана 2079квм жер аянтын Элдик ишканасынан алынып, Акман айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Сопуев |