Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 5
2019-жылга инвестициялык планды бекитүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү менен 2019-жылга инвестициялык планды бекитүү максатында, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүү, толуктоолору бекитилсин.
2. 2019-жылдагы Казыбек айыл аймагынын стратегиялык өнүгүү инвестициялык планы бекитилсин.
3. Бекитилген стратегиялык өнүгүү планы жана 2019-жылдагы өнүгүүнүн инвестициялык планы боюнча иш алып баруу жагын Казыбек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевко тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |