Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-апрели № 3
2020-жылы боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоо жана өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2020-жылы боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоо жана өткөрүүгө карата даярдык көрүү үчүн “2017-жылдын 23-октябрындагы Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2020-жылы боло турган Эл жана турак-жай фондун каттоо жана өткөрүүгө карата даярдык көрүү үчүн , айыл өкмөтүнүн бюджетинен 106450 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү жерге которуп берүү жана тендер жарыялоо үчүн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |