Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-апрели № 5
Казыбек айыл аймактагы айыл чарба жерлерин кайра ченөө, тактоо жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы үлүш жерлерин ченөө, тактоо, үлүш жерлери жетпеген атуулдарга чечип , жер үлүштөрү боюнча күбөлүк алып берүү максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин ченөө , тактоо , үлүш жерлери жетпеген атуулдарга чечип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн деңгээлинде комиссия түзүү жагы сунушталсын.
2. Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан үлүш жерлерине берилген күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн алууга 5000 ( беш миң) сом , андан сырткары үлүш жерлерин ченөө үчүн күйүүчү майга 40000 ( кырк миң ) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кайыпов |