Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-апрели № 7
Торугарт» терминалдык көзөмөлдөө пунктунун жанынан имарат курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагына тиешелүү «Торугарт» терминалдык көзөмөлдөө пунктунун жанында жайгашкан ,Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына караштуу 110/ 10Кв «Торугарт» көмөк чордонун жанынан, көмөк чордонун тейлеген кезетмедеги электр эпкерлер жатып иштөөсү үчүн имарат курууга 0,05 ( беш сотых) га жерге 1(бир) даана контейнер коюу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагына тиешелүү «Торугарт» терминалдык көзөмөлдөө пунктунун жанында жайгашкан ,Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына караштуу 110/ 10Кв «Торугарт» көмөк чордонун жанынан, көмөк чордонун тейлеген кезетмедеги электр эпкерлер жатып иштөөсү үчүн имарат курууга 0,05 ( беш сотых) га жерге 1(бир) даана контейнер коюуга уруксат берилсин.
2. Казыбек айыл өкмөтү менен Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы эки тараптуу 5(беш) жылга убактылуу келишим түзүшсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кайыпов |