Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-апрели № 8
Айыл өкмөтүнө 1С программасын койдуруу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө 1С программасын койдуруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлдүрүү максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө 1С программасын койдуруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 48000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Кайыпов |