Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-июну № 2
Казыбек айыл аймагынын сугат айдоо жер аянтынан турак-жай салууга , жерлерди которууга сунуш берүү жөнүндө
«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мараторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак-үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-октябрь 2018-жылдагы № 512 токтомуна ылайык, сунуш берүү максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылы боюнча № 99 контурунан 34,3 га, № 101 контурунан
33,9 га, № 173 контурунан 36,50 га, жалпысы 104,70 га .
Жаңы-Күч айылы боюнча № 432 контурунан 19,0 га , № 316 контурунан
0,56 га, № 320 контурунан 4,37 га, № 441 контурунан 0,30га, жалпысы 24,23 га жер аянттары сугат айдоо жер аянтынан турак-жай алдындагы жер аянтына которууга сунуш кылынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.Kazybek.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын .
Төрага | Д. Кайыпов |