Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-июну № 3
Казыбек , Жаңы-Күч калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017- жылдагы № 63-б буйругунун жана Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 25.06.2018-жылдагы №55 буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Казыбек айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Казыбек айыл аймагынын Казыбек калктуу конушу 383 гектарды, Жаңы-Күч калктуу конушу 114 гектарды түзүп,калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча жалпы 497 гектар жер аянты бекитилсин.
2. «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Казыбек айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча 20.06.2018-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө Актысы бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы , жер жана турак-жай, жаратылышты коргоо, жол, энергетика боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |