Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 2
Чет - Келтебик суусунан Кара- Булуң айылынын таза суусуна труба аркылуу суу берүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүндөгү Чет-Келтебик өрөөнүндөгү Чет-Келтебик суусунан Кара-Коюн айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булуң айылына суу түтүктөрү аркылуу таза суу чыгаруу үчүн суунун башына резервуар, отстойник курууга макулдук берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Чет-Келтебик өрөөнүндөгү Чет-Келтебик суусунан Кара-Коюн айылына суу түтүктөрү аркылуу таза суу чыгаруу үчүн суунун башына резервуар, отстойник курууга макулдук берилсин , бирок бизге төмөндөгү сунушталган жумуштарды аткарып берүү жагы мидеттендирилсин:
- Казыбек айылынын айыл ичине тиешелүү каналдарда көпүрө жок жерлерге 3 даана көпүрө салып берүүсү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын .
Төрага | Д. Кайыпов |