Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 3
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Казыбек өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштагандыгын эске алуу менен 1(бир) жылга келишимди бекитүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Казыбек өкмөтүнө мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштагандыгын эске алуу менен 1(бир) жылга келишим бекитилсин.
2. Келишим бекитилгенден кийин эмгектерин эсептеп берүү жана которуу жумуштары айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага милдеттендирил-син.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын .
Төрага | Д. Кайыпов |