Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына (резерв) Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына (резерв) Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн талапкер көрсөтүү жөнүндө өткөрүлгөн чогулуштарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде аймактагы коомдук, жамааттык уюмдардын чогулуштарынын протоколдору, талапкерлердин документтери менен таанышып, талкуулап чыгып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Ноокат аймактык комиссиясына (резерв) Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн төмөнкү талапкерлер бекитилсин:
Амракулова Айсалкын Эргешбаевна Өсөр айылы, *Омурбек кызы Чынара Атамерек айылы, *Бакиров Мирбек Шарабидинович Айбек айылы
2. Көрсөтүлгөн талапкерлердин өздүк документтери Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин укук регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. М. Мурзаматов |