Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 3
Жер ажыратып берүүгө сунуштоо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө келген долбоорлор менен иштешүү максатында Т.Зулпуев айылдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө “АРИС” долбоору менен “Ветеринардык Сервис” курууга айыл өкмөтүнүн мунициалдык жер аянтынан 0.03 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Уч Бай орто мектебинин жаны имаратын куруу үчүн №241 контурдагы калктуу конуштан 1,5 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго жүктөлсүн.
Төрага | К. М. Мурзаматов |