Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Айбек айылына таза суу түтүктөрүн орнотуу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Айбек айылына таза суу түтүктөрүн орнотуу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымына кошуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Айбек айылына таза суу түтүктөрүн орнотууга даяр долбоорго мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 733.318 (жети жүз отуз үч мин үч жүз он сегиз) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. М. Мурзаматов |