Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата божомол бюджетин бекитүү тууралуу
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 4–беренесинин 3 пунктуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы “Жайыт пайдалануучулар” бирикмесинин 2019-жылга карата өндүрүмдүүлүгүн түзгөн жайыт акысы 406 000 (төрт жүз алты мин) сом болуп бекитилген. Анын ичинде 119 000 (бир жүз он тогуз мин) сом жер салыгы көрсөтүлгөн. Жайыт пайдалануу бирикмесинин чыгаша бөлүгү 287 000 (эки жүз сексен жети мин ) мин сом болуп бекитилсин. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыт акысына төгүлгөн акча каражаты кайрадан толугу менен кайтарылып берилсин.
2. 2019-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышында максаттуу пайдалануу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Арапов Азиретке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет, ишкердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. М. Мурзаматов |