Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө Жобонун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамды жетекчиликке алуу менен Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл № 715 токтомуна ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө берүү боюнча Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан берилген төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмеси бекитилсин:
1. Үстүбүздөгү жылдын түшүм үчүн себүү жөнүндө,
2. Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө,
3. Түшүмдү жыйноо,күздүк себүү жана тондурма айдоо тууралуу,
4. Айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн түшүмдү дүн жыйноо жөнүндө,
5. Айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жыйноо жөнүндө,
6. Дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө,
-форма № 26 ск
-форма №6 малдын эсеби
-форма №3 малдын эсеби
-форма №4 малдын эсеби
7.Тоюттарды өндүрүү жөнүндө,
8. Дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу,
9. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө.
2. Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык жүргүзүү айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарды аткарууну жетектөөчү адис статистине тапшырылсын.
Төрага | К. М. Мурзаматов |