Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-январы № 1
Т. Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Актилек көчөсүнө бала бакча ачууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев айыл аймагындагы Актилек көчөсүнүн жашоочуларынын 2018-жылдын августтагы чогулушунун чечиминин негизинде туруктуу комиссиянын чечими менен айылдык кенештин сессиясында угуп жана талкуулап Зулпуев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл аймагындагы Актилек көчөсүндөгү Муратов Исламдын үйү Үч-Бай айылында муниципалдык балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаныдан ачылган балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
3. Жаныдан ачылган балдар бакчасын юридикалык каттоодон өткөрүү, үйдүн ээси менен келишим түзүү жагы Зулпуев айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Жаныдан ачылган балдар бакчасынын тамак ашын каражатына, электр энергиясына жана сураныч катында көрсөтүлгөн зарыл болгон керектөөлөрүнө айыл өкмөтү бюджетине кошумча булактардан тушкөн акча каражатынын эсебинен акча каражатты ажыратып берүүгө макулдук берилсин жана бул бала бакча ачууну мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Зулпуев айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
Төрага | К. М. Мурзаматов |