Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну № 1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Ноокат райондук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү №40 24.04.2019-жылдагы токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деген жарлыгына карата аймактарды өнүктүрүү максатында Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Орто-Кызыл бөлүгү №40-контурунда жайгашкан кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 3 (үч)га. Жер аянтына Ноокат райондук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын куруу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндөгү Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн №40 24.06.2019-жылдагы токтомун кароо максатында Т. Зулпуев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын куруу үчүн Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Атамерек айылынын Орто-Кызыл бөлүгүндөгү №47 контурда жайгашкан кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 3 (үч) га.жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү №40 24.06.2019-жылдагы токтому жактырылсын.
2. Аталган жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарынын мыйзамдуу жактарын кароо жана Ноокат районунун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Ноокат райондук шаар курулуш жана арихитектура боюнча башкармалыгынын документтерин даярдоо Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүнү башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн
Төрага | К. М. Мурзаматов |