Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №2
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн Өсөр айылынын тургуну Бобулова Бариигүлдүн өтүнүч каты жөнүндө
Т. Зулпуев айылдык кенешине 19.10.2018-жылдагы №15 саны менен катталган Бобулова Баригулдун жолдошу Чолпонбай Мырзаматов Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндө өкмөт башчы болуп 2003-2005-жылдарга чейин иштеп каза болгон, ошо жылдан балдарына жөлөк пул албагандыгы жөнүндөгү өтүнүч катын кароо жөнүндө Т. Зулпуев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзам чегинде Бобулова Баригүлдүн үч баласына жөлөк пул берилүүчү жылдарын карап, Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешенин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
2. Бобулова Баригүлдүн балдарына тиешелүү болгон жөлөк пул алуу жөнүндөгү документтерин тактоо жана эсебин чыгаруу Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К. М. Мурзаматов |