Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-августу № 5
Отуз-Адыр айылдык аймагында 2019-жылдын II жарым жылдыгында жана 2020-жылы айыл ɵкмɵтү тарабынан аткарууга жана кɵзɵмɵлгɵ алынуучу иштер жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 12 Отуз-Адыр орто мектебинин капиталдык ремонт иштеринин,№ 102 М.Тешебаев орто мектебинин кɵмүрканасынын курулуш иштеринин жүрүшү кɵзɵмɵлгɵ алынып.ɵз убагында бүткɵрүлсүн.
2. 2019-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджеттен үнɵмдɵлгɵн акчанын ɵз убагында жана максаттуу пайдаланылышы кɵзɵмɵлгɵ алынсын.
3. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында М.Жаманкулов орто мектебинин жанындагы кɵчɵлɵрдүн айылдын борборуна кире бериш жерлери тосулсун.
4. Отуз-Адыр аймактык милиция бɵлүмчɵсүнɵ тергɵɵчү бɵлүп берүү маселеси боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бɵлүмүнɵ жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына кат жолдонсун.
5. Кара-Суу РЕТинин Отуз-Адыр участкасынын башчысы,жайыт комитетинин тɵрагасы айылдык Кеңештин кезектеги отурумуна чакырылсын.
6. Электр энергиясын пайдалануу коопсуздугун сактоо максатында кɵчɵлɵрдү бойлото кеткен электр мамычаларына тийип турган дарактар кыйылсын.
7. Кара-Чукур жайлоосуна баруучу жолдун бир чакырымын сүрдүрүп-тегиздɵɵ маселеси каралсын.
8. Беш-Кепе айылынан Казак жана Чоок айылдарына таза суу түтүкчɵсү тартылып, аталган айылдарга таза суу жеткирилсин.
9. Кожом-Бак айылындагы үйлɵрдүн короолорундагы суу түтүктɵрү жабылсын.
10. Айыл аймагынын тургундарын жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкеси менен камсыз кылуу маселеси 2020-жылдын 01-июлуна чейин чечилсин..
11. Жеке менчик үй куруу үчүн жерлерди трансформациялоого айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинен 1500,0 миң.сом акча каражаты бɵлүнүп берилсин,жогорудагы акча каражаты эки бɵлүнүп тɵлɵнүп берилсин.
12. Отуз-Адыр орто мектебинин жаңыдан курула турган имаратына жер тилкеси таап берилсин.
13. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн атынан депутат (юрист) Жумаев Талантка «Маткерим» дыйкан чарбасы тарабынан Отуз-Адыр айылындагы 10 гектар сугат жердин иштетилип жатышынын мыйзамдуулугун, Ырысбай Жолдубаев тарабынан Отуз-Адыр айылындагы 5 гектар сугат жердин иштетилип жатышынын мыйзамдуулугун жана «Кыргызтелеком» ишканасынын Кара-Суу райондук бɵлүмү тарабынан Отуз-Адыр айылындагы маданият үйүнүн үч бɵлмɵсүнүн пайдаланылып жатышынын мыйзамдуулугун иликтеп,тактап чыгуу үчүн ишеним кат берилсин.
14. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн башчысына жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев.)
15. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Адашов)
Төрага | Н. А. Калматов |