Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-августу № 7
2019-жылдын IV кварталына карата Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше бɵлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен пайда болгон акча каражатын бɵлүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин XXI главасынын 109,115-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын IV кварталына карата Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше бɵлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен пайда болгон акча каражаты тɵмɵндɵгү аткарылуусу зарыл болгон жумуштарга бɵлүнсүн,
а) Отуз-Адыр аймактык милиция бɵлүмчɵсүнɵ күйүүчү-майлоочу
майларды сатып алуу үчүн -10,0 миң.сом.
б) Беш-Кепе айылынан Чоок жана Казак айылдарына таза суу
линиясын тартууга -30,0 миң,сом.
в) Отуз-Адыр айылынын Зымырык участкасындагы таза суу
линиясына суу кампа (резервуар) курууга -150,0 миң.сом.
г) № 9 М.Тешебаев орто мектебинин жаңы туалетин курууга -200,0 миң.сом.
д) Кыш-Абад айылындагы спорттук залдын чатырын жабууга -100,0 миң.сом.
е) Айыл аймагынын тɵмɵнкү зонасындагы айылдардын
кɵчɵлɵрүнүн аталыштарын жана үйлɵрдүн номерлерин даярдатууга -50,0миң.сом.
ж) Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебине таза суу
линиясын тартууга -40,0 миң.сом.
к) АПУ,ИПУ жана ПСД документтерин даярдатууга -145,0 миң.сом.
Жыйынтыгы; -725,0 миң.сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Абдилазиз уулу Абдимитал)
Төрага | Н. А. Калматов |