Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 29
Кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматтык автоунаасынын иштөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндөгү айыл аймагынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып,Каныш-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын кызматтык автоунаасынын иштөө мөнөтү бүткөндүгү белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен кызматтык автоунаа сатып алууга тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |