Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 30
Башкы-Терек айылынын ички көчөсүн асфальттоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылынын тургундарынын кайрылуусу менен айылдын сырткы көчөсүнө басылуучу асфальтты ички көчөсүнө которуп бастыруу жөнүндө карап жана талкуулап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын сырткы көчөсүнө соц.пакеттин эсебинен төшөлүүчү асфальтты айылдын ички көчөсүнө бастырууга уруксат берилсин жана тиешелүү акча каражатын бөлдүртүп берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна райондук соц пакеттин эсебинен түшө турган 6383,8 миң сом акча каражатын 31113320 статьясына жумшоого уруксат берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |