Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 31
С.Байдөөлөтов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын оңдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн С.Байдөөлөтов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасынын курулгандан бери ремонттон өткөрүлбөгөндүгү жана азыркы күндө капиталдык ремонтту талап кылынып жаткандыгы жөнүндө карап жана талкуулап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Байдөөлөтов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонт талап кылынары белгиленсин.
2. С.Байдөөлөтов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жылытуу системасын оңдоого керектелүүчү 2090599 (эки миллион токсон миң беш жүз токсон тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |