Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 33
Жаңы конуштарга электр энергиясын камсыз кылып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жаңы конуштарга электр мамычаларын,электр чубалгыларын жана трансформатор орнотууга каражат бөлүп берүү максатында жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы бардык жаңы конуштарга электр энергиясын киргизүү талап кылынары белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү бардык жаңы конуштарга электр энергиясын орнотууга керектелүүчү 2000,0 (эки миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |