Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 34
Долбоорлордун өздүк салымдары үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жана башка инвесторлор тарабынан каржылануучу долбоорлордун өздүк салымдары үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каражат бөлүп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIXсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасына сунушталган долбоорлор Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү көйгөйлүү маселелер экендиги белгиленсин.
2. Сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн керектелүүчү 1500,0 (бир миллион беш жүз миң ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |