Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 35
Айгыр-Жал айылына тротуар салуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын борбордук көчөсүнө тротуар салууга каражат бөлүп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Айгыр-Жал айылынын борбордук көчөсүнө тротаур салуу зарылдыгы белгиленсин.
2. Айгыр-Жал айылынын борбордук көчөсүнө тротуар салууга керектелүүчү 4000,0 (төрт миллион)сом Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |