Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 36
Айгыр-Жал айылына тай казан куруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылына улуттук оюндарды жандандыруу максатында тай казан куруу жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз элинин улуттук оюндары “Көк бөрү” оюнун жаштарга үйрөтүүдө айылга атайын спорттук аянтча куруу зарылдыгы белгиленсин.
2. Айгыр-Жал айылына тай казан курууга керектелүүчү 200,0 (эки жүз миң ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |