Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 37
Бала бакчаларга күнөскана куруп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу бардык бала бакчаларга балдардын тамак-аш рационуна жашылчаларды кошуп берүү максатында күнөсканаларды куруп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде курулуп жаткан күнөсканалардан алынган жер жемиштер балдардын тамак—ашы үчүн пайдаланууга берилсин.
2. Күнөсканаларды куруп берүүгө керектелүүчү 400,0 (төрт жүз миң ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |