Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 38
Билим берүү мекемелерине видеокөзөмөл орнотуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде видеокөзөмөл орнотуп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы бардык билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти көзөмөлдөө жана коопсуздукту алдын алуу үчүн видеокөзөмөл талап кылынары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү бардык билим берүүчү мекемелерге видеокөзөмөл орнотууга керектелүүчү 840,0 (сегиз жүз кырк миң ) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |