Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 39
С.Дозонов атындагы Башкы-Терек жалпы билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу С.Дозонов атындагы Башкы-Терек жалпы билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Дозонов атындагы Башкы-Терек жалпы билим берүүчү мектебинин жетекчиси Т.Бекмуратовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. С.Дозонов атындагы жалпы билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жалпы долбоорлук сметасынын суммасы 8 349689(сегиз миллион үч жүз кырк тогуз миң алты жүз сексен тогуз) сом акча каражатынан мектептин ашканасына,сыртын оңдоого,эшик-терезесин алмаштырууга жана электр жарыгын толук жаңылоого 2192952 (эки миллион бир жүз токсон эки миң тогуз жүз элүү эки)сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |