Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 40
Кара-Булак балдар бакчасынын курулуш иштерине 20% каражатын берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы жаңы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштери үчүн түзүлгөн келишимге ылайык 2018-жылдагы 10595408(он миллион беш жүз токсон беш миң төрт жүз сегиз сом акча каражатынын 20% ын котроруп берүү жөнүндө карап жана талкуулап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түзүлгөн келишимге ылайык Кара-Булак балдар бакчасынын курулуш иштеринин бүткөрүлгөндүгү эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак балдар бакчасын курууга долбоорлук суммасы 17595408 (он жети миллион беш жүз токсон беш миң төрт жүз сегиз) акча каражатынан 2018-жылга 10595408 сом акча каражатынын 20%ын, тактап айтканда, 2119082 (эки миллион бир жүз он тогуз сексен эки ) акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |